унута албадым
унута албадым
сейилдеп бакка барган,
сезимдер күйүп жанган.
алгачкы жолугушуу,
айарлап бирге баскан.
сүйүгө күбөө болгон,
жүрөккө сүйүү толгон.
андагы айлуу түндү,
унутам деп унута албадым!
биз барчу жалгыз дарак,
сулуудай чачын тарап.
тосчу элем мен өзүңдү,
келет деп күтүп самап.
кучактап бекем кысып,
от болуп дене ысып.
илептер күйгөн күндү,
унутам деп унута албадым!
бактым деп сөз беришкен,
башкача жан ергиткен.
кыйышбас жандар елек,
кызыл гүл сен периштем.
кантейин колдон учтуң,
кайдыгер башка жанга...
чай куйган жубай бүттүң...
бирок мен сени эстеп,
унутам деп унута албадым !